Ошто эки окуучу бычакталып, бирөө каза болгон окуяга шектүүлөр кармалды

Бүгүн, 11-февралда Ош шаарында эки окуучу бычакталып, анын бири каза болуп калганы маалымдалган. Кийинчерээк кылмышка шектүүлөр изделип жатканы кабарланган.

Аталган окуяга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана участкалык милиция кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттердин натыйжасында окуяга шектүү үч адам тең Ош шаарында кармалып, шаардагы ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

"Бардык ички иштер кызматкерлерине ыкчам иштегендиги үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан