Кримавторитет Женго эки айга камакка алынды

УКМК тарабынан кармалган Женго каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов тергөө аягына чыкканга чейин камакта болот. Бул тууралуу жактоочу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Анын айтымында, Досоновдун баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту караган.

Буга чейин Кадыр Досонов УКМКга өзү келгени маалымдалган. Кечээ, 11-февралда ал Оштон Бишкекке алып келинди. "Уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чараларынын жүрүшүндө кримтөбөл Кадыр Досоновду издөө иштери аяктады. Сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында Досонов УКМКнын абак жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

10-февралда Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2021-02-12 10:47:27
Жер суунун баары эле криминал болуп кеткен го. Криминал мн чондор майлуу жердин баарын канын кактабай соруп келишти да. Соттор, бийлик адилеттуу болуп баарын кустуруп камаса эми четинен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан