УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин үстүнөн алты кылмыш иши тергелип жатат. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Алар:
1. Абдил Сегизбаев УКМКны жетектеп турганда кызматынан пайдаланып компромат чогулткан. Тагыраагы, ал Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы каралоо максатында коомдо аларга карата терс пикирлерди жаратуу үчүн аталган инсандар жөнүндө 2016-жылдын октябрь-ноябрь айларында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Жогорку Кеңештин жыйынында «Белизгейт» деп аталган иши боюнча жалган, далили жок маалыматты тараткан.
2. Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда мамлекет тарабынан кызматтык батирлер салынган. Турак жай кодексинин 43-беренесине ылайык турак жайлар жалпы кезекке туруу менен берилиши зарыл, ал эми 44-беренеде кимдер биринчи кезекте жана кезексиз алууга укугу барлар көрсөтүлгөн. Комитеттин 9-кызматынын башчысы Д.Мусакеев жана турак жай-тиричилик комиссиясынын төрагасы Б.Нуржигитов тарабынан А.Сегизбаевдин жеке көрсөтмөсү менен мыйзамдуу негиздер жана себептер жок болгондуна карабастан прапорщик М.Жумагуловго жогоруда аталган кызматтык үйдөн 3-бөлмөлүү батир мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
3. Ошондой эле комитеттин кызматкерлери Э.Базакечов, А.Жаманаков жана М.Жумагуловдорду энчилүү курал менен мыйзамсыз сыйланышканы боюнча сотко чейинки териштирүүдө да А.Сегизбаев шек саналууда.
4. Сегизбаев Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн, райондук соттун жана башка кызмат адамдар менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жарандардын жер тилкелеринин ээлеринин атынан жасалмаланган ишеним каттарды пайдалануу менен жана Аламүдүн райондук сотунун мыйзамсыз чечимдеринин негизинде жалпы аянты 18,46 гектар айыл чарба багытындагы 92 жер тилкелерин, Кой-Таш айылындагы айыл чарба багытындагы 2,2 гектар жайыт жер тилкесин жакын туугандары жана өзүнө байланышы бар адамдар менен мыйзамсыз ээлеп алган. Белгилеп кетүүчү жагдай, жогорудагы жер тилкелердин айрымдары боюнча соттук кароолор кыска убакыт аралыгында жыйынтыкталып чечилген.
Сотко чейинки териштирүүдө жогорудагы жерлер боюнча жер салыктары төлөнбөй келгендиги жана анын жакын тууганына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү аныкталган.
5. Атайын кызматтын айрым жетекчилери 2017-жылы бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөлөргө негизсиз, конкреттүү максаттары жана тапшырмалары жок иш сапарга барышкан. Бул да Сегизбаевдин буйруктарынын негизинде болгондугу такталды. Учурда мамлекетке келтирилген зыян аныкталууда.
6. Жогорудагы иштерден тышкары дагы бир иш жашыруун грифи менен өтүп жатат.
Абдил Сегизбаев Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан 25-январда кармалган. Биринчи Май райондук соту тарабынан 2 айга камакка алынган.