Бишкекте аялын сабаган кызыл камчы күйөөгө сот 30 миң айып салып, бошотуп жиберди

Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушунда жубайын сабап, башына бир нече жолу тээп, колундагы 5 айлык баласына карабастан эч жакка чыгарбай зомбулук көрсөткөн жаранды Ленин райондук соту келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен 30 миң сом өлчөмүндө айып салып, бошотуп жиберди. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

Айыпталуучу С.Т. 1967-жылдын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Улуту кыргыз, Кыргыз жараны, билими орто, убактылуу иштебеген, мурда соттолбогон. Учурда Бишкек шаарынын, Ак-Ордо жаңы конушунда жашайт.

Ал 2020-жылдын 13-ноябрында болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушундагы үйүнөн жубайына тынчтык бербей, ортодон пикир келишпестиктерден улам аны бетке чаап, жерге жыгылып калса башына бир нече жолу тээп, сол колун көк-ала кылып, улам-улам тепкилеп, бетине бир нече жолу чапкылап, колундагы 5 айлык баласына карабастан, эч жакка чыгарбай анын алсыздыгынан пайдаланып уруп-сабаган.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алган

"Мен 2020-жылдын 13-ноябрында саат 11:00 чамаларында аялым А.И. менен уруша кетип, пикир келишпестиктен улам аны болгону колунан кармап түртүп койгом. Зомбулук деле көрсөткөн эмесмин", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Жабырлануучу сот отурумунда туугандарым менен да байланыштырбай, уруп сабачу деп билдирген

"13-ноябрь күнү саат 11:00 чамаларында Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунан жолдошу С.Т. менен пикир келишпестиктен улам уруш чыгып, мени уруп-сабады. Үйгө камап алып туугандарым менен байланыштырбай, башыма бир нече жолу тепкилеп, колдорума чаап, колумдагы беш айлык балабызга карабастан тепкилеп салды".

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, адамдын саламаттыгына анын ден соолугунун кыска убакытка бузулуусуна алып келген жеңил зыян келтирилгени аныкталган. Мындай жагдайда, сот айыпталуучуну өзүнүн кыймыл-аракеттери менен жубайына дене-бойлук жана психикалык азаптануу келтирген деп эсептейт. Айыпталуучуга жазанын түрүн жана анын өлчөмүн тандоодо сот анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жагдайы катары күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алганын табат, ал эми жоопкерчилигин оордотуучу жагдайларын тапкан жок.

Өкүм:

С.Т. 75-берене менен күнөөлүү деп табылып, отуз миң сом айып мамлекеттин пайдасына салынсын. Жазык сот өндүрүшүнө камсыз кылуу чарасы катары келип туруу милдеттенмеси өкүм күчүнө киргенден кийин алынып салынсын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Burulsha
2021-02-12 19:29:39
Ошол акчаны мамлекетке эмес аялына алперишпейби кичине болсо дагы конулу которулуп бирдеке алып алмакда.
+2
nazira...
2021-02-13 08:16:09
Аялына эмес өздөрүнө алгандыр алчусун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан