Муфтияттагы чыр: Бухгалтер 10-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилди

Өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган муфтияттын бухгалтери 10-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 12-февралда чыккан. Анда шектүү М.Б.нын бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалганы маалымдалган. Ага улай эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болуп, кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушев кармалганын маалымдаган.

Ошондой эле бүгүн экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышкан. Кечээ кечинде сот Токтомушевдин баш коргоо чарасын карап сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үй камагына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
algakaray
2021-02-12 10:44:25
Кимисине ишенээринди билбейсин.
-1
aiba_00
2021-02-12 10:59:42
Бир муфтийди сойку мн жатты деп кетти эле, эми бул муфтийи коррупция мн кармалды бир муфтийди катуу сабап ошонун кесепетинен каза болду эле, ичи ирип кеткен окшойт буларда деле, коррупция гулдоп.
-1
Nina.alex
2021-02-12 13:26:05
aiba_00,ото гулдогон. Эл кудайындай коруп алнан муфтийди. Эл сокур
-1
oopapa
2021-02-13 08:53:13
Nina.alex, козун менен кордунбу же колун менен кармадынбы?
-1
Arianushka
2021-02-12 11:14:22
Ошон учун раматылык Чубак ажы муфтийликти сунуштаганда баш тартып койгон да акылдуулук кылып
+5
nurgaz
2021-02-12 11:26:40
Ар бир жамандыктын артында жакшылык бар, динибиз Аллаh кааласа мынданда кыргызстанда мынданда кучтуу жайылат. Садыр Жапаров дин менен башкарат деген умутум бар эле. Атасы молдо деп Чубак ажы айтчу эле.
-1
abusait
2021-02-12 11:55:03
Акчага азгырылганго "аалымдарыбыз"..
-1
Kurmanbek_81
2021-02-12 14:17:37
Бухгалтерди камашып, ал жетекчинин айтканын аткарса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан