"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-февралда "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору Т.А. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалды.
"Такталгандай, директор Т.А.К. жетектөөчү адис М.Р. менен ич ара сүйлөшүп алышып, жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен ЖАКтын директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашканы аныкталды. Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2 миллион 200 миң сомдон ашык суммага зыян келтирилген.
Ошондой эле УКМК тарабынан аталган эки кызматкерге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат. Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү тергөө иш-чаралар уланууда", - деп жазылат маалыматта.