Ысык-Көл облусунда өлтүрүлгөн эне-бала шектүү менен мал боюнча урушуп кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Шектүү каза болгон эне менен баланын малын бакчу. Тактап айтканда, алардын малчысы болуп иштеп келген. Ортодо ызы-чуу мал боюнча чыккан. Буга чейин дагы шектүү алардын малын багып жүрүп, өзүнүн эмгек акысы катары бир жылкыны сатып жиберген. Бирок ага маркум эне-бала макул болбой милицияга арыз жазып, баланы соттотуп жиберишкен. Жазасын өтөп келгенден кийин кайрадан алардын малын багып жүргөн. Уруш шектүүнүн эмгек акысын малга баалап бергенден улам чыккан", - деди басма сөз кызматынан.
Учурда тергөө жүрүүдө.
Буга чейин 1-февраль күнү кечки саат 20:00 чамасында Кашат айылындагы турак үйдөн 1967-жылы туулган И.Ж. аттуу аялдын жана анын 1992-жылы туулган уулу И.К.нын жансыз денелери табылган. Бул окуя Ысык-Көл РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Шектүү катары алардын тууганы 25 жаштагы бала кармалган.