Бишкекте тоноого шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү болжол менен саат 01:50 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Термичиков жана Гагарин көчөлөрүндөгү унаа жуучу жайлардын биринен чөнтөк телефонумду тартып алышты деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1999-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсинин 14 миң сом турган уюлдук телефонун белгисиз жарандар ачык түрдө тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Ыкчам издөө иш-чаралардын негизинде шектүү катары 1996-жылы туулган З.А. жана 1997-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалган. Алар тергөө үчүн Ленин РИИБине өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.