Жалал-Абад шаарында окуу жайларынын биринин кызматкери мыйзамсыз миграция уюштурган

Жалал-Абад шаарында окуу жайларынын биринин кызматкери мыйзамсыз миграция уюштурган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерлери 2020-жылдын 12-март күнү мыйзамсыз миграцияны уюштурган фактыны аныкташты.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө ишинин жыйынтыгында бул материал соттун кароосуна жиберилген.

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринин жооптуу кызматкерине 2020-жылдын 23-июль күнү Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан