Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, болжолдуу алдын ала маалымат боюнча мамлекетке 1 миллион 120 миң сомдук зыян келтирилген.
"Бул факты боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-февралда Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аныкталган факты боюнча иликтөө жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.