Февраль айынын биринчи он күнүндө Ысык-Көлдө 35 мас айдоочу кармалды

Февраль айынын биринчи он күнүндө Ысык-Көл облусунда 35 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Февраль айынын биринчи он күнүндө жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, жол кайгуул кызматынын инспекторлору мас абалында унаа башкарган 35 айдоочуну кармашты. Айдоочулардын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынган. Мас айдоочулардын арасында жаштар 45 жаштан өткөндөр, аялдар бар. Кармалган айдоочулардын жарымы унааларын облустун борборунда жана анын тегерегинде айдашкан.

Жалпысынан февраль айынын биринчи он күнүндө 1110 жол эрежесинин бузуу фактылары аныкталган, анын ичинде 382 – ылдамдыктын эрежесин сактабоо, 127 – жол белгилеринин талабын аткарбоо, 13 – автоунааны тийиштүү күбөлүксүз айдоо жана башкалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан