Биздин "Апалар сүйлөйт" рубрикабыздын кезектеги коногу орошон таланттардын ордосунда жашаган, тактап айтканда, куудул, машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин жубайы, Эрнист Бөрүбаевдин, Кызсайкал, Мажит Кабыловдордун апасы Тамара Курманалиева болду. Таланттуу улан-кыздардын апасы менен балдары тууралуу кеңири маектештик.
"Балдарымдын баары эле ырдашат"
- Кудайга шүгүр, эркек балдарым көп, бир кызым бар. Баары эле чыгармачылыкка кичинесинен аралашып, таанымал болуп жүрүшөт. Эрнист уулумду билесиңер, тойлордун, жакшылыктардын жарчысы болуп жүрөт. Мурда "Бешилик" тобунда куудул болчу. Андан кийин Мажитим да кичинесинен эле эл алдына чыкты. Азыр келиним экөө жаңы дуэт жаздырып, иштеп жатышат. Буюрса, Кызсайкал кызым дагы өнөр жолунда өз жолун таап келе жатат. Анан Бекзат деген балам бар, ал көбүнчө Москвада ырдап эмгектенет.
"Жүрөгүндө чыгармачылык жашаган адам андан эч жакка кача албайт"
- Балдарымдын чыгармачылыкты тандаганын мен колдодум. Анан биринен бири чыгып эле ырдап баштаганда жолдошум каршы болгон, "баары эле ырдай береби" деп. Бирок жүрөгүндө чыгармачылык жашаган адам андан эч жакка кача албайт экен.
"Келинимди ырдатып алганым менин утушум"
- Келиним өзү абдан тартынчаак. Болбосо Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган, бир нече музыкалык аспаптарда ойнойт. Башкаларга кандай билбейм, бирок мен үчүн үнү сонун. Ырда десем эле "апа, кийин" деп эле болбойт. Акыры артынан сая түшүп жүрүп ырдатып алдым ( күлүп). Аны деле кудаларым сахнада ырдап жатканын көрсөк деп музыкалык окуу жайга окуткан да. Анан бирөөнүн эле ошентип чоңойткон кызын мен кантип ырдатпай коёюн.
"Балдарымды "сени Эрнистке айтам" деп коркутуп турам"
- Мени Эрнист алаканына салып сыйлайт. Мен ошон үчүн балдарыма абдан ыраазымын. Балдарымды "Эрнистке айтып көзүңдү чукутам" деп коркутуп турам. Мындайча айтканда, бекем үй-бүлөбүз. "Сен тигисиң, сен беркисиң" деп бөлгөнгө менин эч кандай акым жок.