Кара-Сууда уурдалды деген унаа Ош шаарынан табылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда уурдалды деген унаа Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Ош шаарынын милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү саат 11:00 чамасында Кара-Суу районунун тургуну ак түстөгү Деу Лассети үлгүсүндөгү унаасын Фуркат айылында белгисиз адам уурдап кеткени боюнча кайрылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Кызматкерлер аталган күнү саат 22:20 чамасында Ош шаарынын аймагынан табышкан. Ал эми кылмышка шектүүнү изи сууй электе кармап, унааны айып короосуна киргизген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан