Сузакта чет өлкөлүк жаранды тоноого шектелип 17 жана 19 жаштагы балдар кармалды

Сузакта чет өлкөлүк жаранды тоногондор кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январда Жалал-Абад шаарынын Абдырахманов көчөсүнөн 37 жаштагы Түркиянын жаранына бейтааныш 20-25 жаштардагы 2 бала келип, таш заводуна жеткирип коюну суранышкан. Алар чет өлкөлүк жарандын унаасына отурушуп, Таш-Булак айыл аймагына караган сай тарапка жеткенде, аны коркутушуп, миң сомдон ашуун акчасын жана кол телефонун алып качып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "Тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Иликтөө иштеринин натыйжасында 2003-жылы туулган К.Б. аттуу Жалал-Абад шаарынын тургуну жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган А.Б. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жарандар жасаган кылмыш ишин толугу менен моюндарына алышкан", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHMIT
2021-02-12 19:49:06
Тоноочуга жаназа буюрбайт тез тообосуна таянып башка тоноочулук кылбаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан