Бишкекте жаранды эч себепсиз уруп, телефонун жана акчасын алып, из жашырган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү болжол менен саат 06:30 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Жибек Жолу жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1995-жылы туулган С.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
"Анда ошол эле даректен болжол менен 28-30 курактагы белгисиз эки жаран арыз ээсин эч себепсиз сабап, ага карата күч колдонуп, уюлдук телефонун жана 15 миң сом акчасын, ошондой эле унаасынын техникалык күбөлүгүн ачык түрдө тартып алышкан. Ыкчам кармоо иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары эки жаран кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.