УКМК: "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси 100 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды" (сүрөт)

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында "Кыргызалтын" ААК Башкармалыгынын төрагасы У.Э.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылып келген.

"Аталган У.Э.А. алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган. 2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда У.Э.А. кармалды.

Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, "Кыргызалтындын" жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде У.Э.А. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Baisal75
2021-02-12 20:35:40
Ушуларга тан калам коррупция менен аёсуз курошобуз деп какшап атса взятка алып атышат!
+5
aslan_akjol89
2021-02-12 22:37:42
Baisal75,взятка албайт азыр,коркуп турушат.Бул жерде майлуу суттуу креслолор оз "ээлерин" таап жатат.
+3
rola
2021-02-12 21:03:09
Болгон сайын болоюн дейтта бул жетекчилер.
+1
Alinur96kg
2021-02-12 21:20:26
15-20 мин доллар толоп эртен эле акталып чыгат.Бизде закон ушундай азыр.
+5
Talantus
2021-02-12 21:21:44
Ушул шумшукторго эмне жетпейт.
+1
Assa0000
2021-02-12 21:29:37
Дагы эле бардак алдым жуттум
0
bond02
2021-02-12 21:37:08
Азыркы бийлик ушул жол менен кадр алмаштырып жатат.
-1
Asman779
2021-02-12 22:13:56
Ушулардын бүт байлык, мал-мүлкүн алып туруп көчөгө чыгарып койсо. Ошондо көрөт элек кантип жашаарын
+1
aslan_akjol89
2021-02-12 22:32:31
Ооба ачык люстрация кыла албай ушундай жол менен оз адамдарын кызмат менен камсыз кылуунун устундо кызуу иш журуп жатат.
+1
shahlet
2021-02-13 10:16:50
100 мин сом эмне болуптур башка болумдордо доллар ойноп жататко
0
Rusbayastan
2021-02-13 11:38:21
Мени дагы бир жумушка койгула майлуу суттуу жерге 100 миллион жеп анан силер кармасанар 2 же 3 миллионун токсом кайра чыгарып жибересинер да а
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан