ИИМ: "Муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды"

ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжолдуу алдын-ала маалымат боюнча мамлекетке 1 120 000 сомдук зыян келтирилген. "Бул факты боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2021-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Т.Н. кармалып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда аныкталган факты боюнча иликтөөнү ИИМ жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан