Бишкек шаардык сотунун имаратына түн ичинде эшиктеринин кулпусун сындырып кирип барган деп шектелген адам Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы шектүү азыр Бишкектин Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Милиция окуяны Жазык кодексинин “Уурулук” деген 200-беренесинин негизинде каттоого алган. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда.
Буга чейин Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан белгисиз бирөөлөр имаратка эшиктин кулпусун сындырып кирип барышканын 10-февралда маалымдаган.