Кочкордо жол кырсыгынан 7 адам ар кандай жаракаттарды алышты

Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгынан 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-февраль күнү саат 07:03 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда болгон. Анда Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.

Унаадагы жалпы 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышып, Кочкор райондук ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген.

Жерине ӨКМнын №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, унааны коопсуздандырып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан