Таласта 2 жашар баласын куткарам деген апасы өзү дагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Окуя, кечээ 14-февраль күнү саат 16:56 чамасында Арал айылында болгон. Анда 2 жашар бала жана анын 1996-жылы туулган апасы куткарам деп кошо чөгүп кеткен.
Жерине ӨКМнын №101 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары жеткенге чейин баланын атасы наристенин жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.