Ошто окуучу кызды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Ош шаарында окуучу кызды унаасы менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-февраль күнү Ош шаардык "Тез жардам" кызматынан маалымат келип түшкөн. Анда 11:40 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнүн жашоочусу 2009-жылы туулган Т.А. аттуу кызды №3 Ломоносов атындагы орто мектептин тушунан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа сүзүп, үйүнө жеткирип кетип калган.

Кырсыктан жөө жүрүүчү жаракат алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына кайрылган. Кыздын атасы 11-февраль күнү эле Ош ШИИБине арыз менен кайрылган. Ал эми Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы айдоочуну 13-февраль күнү кармаган. Ал Ош шаарынын тургуну 1965-жылы туулган К.Р. аттуу жаран болгон.

Териштирүүдө айдоочу окуучу кызды ооруканага алып барайын десе макул болбой койгонун айткан. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө жүрүүдө. Ал эми унаа айып короосуна токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан