Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чөнтөкчү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 1983-жылы туулган Ө.З. аттуу жаран мурда 4 жолу соттолгон. Акыркы жолу мал базардан мал саткан жарандын ири суммадагы акчасын уурдап, камалып чыккан.
Бул сапар борбордук базардан соодага келген жарандын кол телефону менен акчасын уурдап жатып кармалды. Учурда шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.
Сулайман-Тоо милиция бөлүмү жабыркаган жарандар болсо 0701807800 номери аркылуу кабарлап коюуга чакырат.