Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялык уруксат берүү иш-аракетинде коррупциялык схеманын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга, радио жыштык спектрин пайдаланууга, лицензия берүүдө мыйзам бузуу боюнча коррупциялык схема аныкталды.
"Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен ич ара сүйлөшүп алып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 мега герц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген. Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон. (маалымат үчүн: радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын негизинде гана берилет). Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө",- деп жазылат маалыматта.
Учурда тергелип жаткан жалпы кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радио жыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.