Москва шаарына жеткирем деп 14 миң сом өлчөмүндөгү каражатты алдамчылык жолу менен алып алганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"11-февраль күнү Т.Н. аттуу жаран анын чала тааныш адамына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 12:00 чамасында Токтогул жана Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен таанышы алдамчылык жол менен ишенимге кирип, Т.Н.ны автоунаасы менен Москва шаарына жеткирем деп 14 миң сом өлчөмүндөгү каражатын алып, убадасын аткарбай жүргөндүгүн билдирген", - деп жазылат билдирүүдө.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1991-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалган. Мындан тышкары шектүүнүн үстүнөн дагы 2 арыз келип түшкөн. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Жогорудагы адамдан жапа чеккендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылса болот:
0 (312) 352-605, 0 (312) 352-947, 0 (705) 109-102, 0 (990) ) 102 413 жана 102.