Бүгүн, 16-февралда Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды. Биз сиздерге Жамал Сейдакматованын буга чейин "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин урунттуу учурларынан сунуштайбыз.
"Искусство курмандыкты талап кылат. Айрыкча актёрлук. Балдарыма, жолдошума арноочу мээримдин жарымын ролдорума арнадым көрүнөт. Менин курмандыгым үй-бүлөм болду. Азыр артыма кылчайып, балдарыма, жолдошума талаптагыдай көңүл бурбаганымды, ата-энеме перзенттик эмгегимди өтөбөгөндүгүмдү байкап, өзүмдү күнөөлүү сезем"
Бул актрисанын "Супер-Инфо" гезитине 2009-жылы берген маеги. Анда ал атасынын көп жыл күткөн тун перзенти болгонун, бала чагында үйүнө Саякбай Каралаев баштаган чыгармачыл инсандар көп келип, өнөргө болгон кызыгуусу ошол кезден эле башталганын айткан. Актриса болуу үчүн Москвада инженер-технолог кесибине окуп жаткан жеринен окуусун таштап келе бергенин айткан.
Жамал Сейдакматова 2014-жылы берген маегинде күн сайын өзүнө кам көрүүдөн зерикпей тургандыгын, таң эртеден чуркап, йога менен күн сайын машыга тургандыгын билдирген. Актриса тууралуу кесиптештеринин айткандары бул шилтемеде.
Союз жаңы таркаган кезде, көп адамдардын каршы болгонуна карабай "Туңгуч" театрын түптөгөн. "Мен театрсыз жашай албайм" деген актрисанын маегин толугу менен ушул шилтемеден окуй аласыздар.
Маданиятта опол тоодой орду бар актриса көптөгөн мамлекеттик, эл аралык сыйлыктарга татыган. Бирок өзүн эң толкунданткан сыйлыкты Лондондо алгандыгын "Супер-Инфо" гезитине 2018-жылы берген маегинде айткан.
Жамал Сейдакматованын 80 жылдык юбилейи өзүнүн туулуп өскөн айылы Ысык-Көлдүн Темир айыл өкмөтүнө караштуу Кашат айылында 15 боз үй тигилип, миңдей конок чакырылып өткөрүлгөн.