Жалал-Абад облусунда бир аптада 26 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир аптада 26 мас айдоочу кармалды. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 6-февралдан 13-февралга чейинки бир апта аралыгында жалпы 1593 жол эрежелерин бузган айдоочулар кармалды.

Анын ичинде 26 айдоочу унааларын мас абалында, 528 айдоочу каттуу ылдамдыкта, 17 айдоочу алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн болсо жана башка жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1022 айдоочуга протоколдор түзүлгөн.

Жалпы 167 унаа атайын айып короого коюлду. Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмү жалпы айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин туура сактоону эскертишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан