Ысык-Атада 10 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан эркек кишинин бут кийими каналдан табылды. ӨКМ издөөнү баштады

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 7-февралдан тартып Чолпон айылынын тургуну 1972-жылы туулган эркек киши дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары ӨКМнын кызматкерлери Чоң-Чүй каналын бойлоп издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын №21 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган.

16-февраль күнү издөө иштери улантылат.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dkrf
2021-02-16 10:02:29
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан