Пара талап кылууга шектелип Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ,15-февралда Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору А.М. кармалды.
"Эсептөө палатасынын инспектору А.М. Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунун айылдарынын биринин башчысынан 60 миң сом акча каражатын алган.
Кармалган А.М. Нарын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат",- деп жазылат мекеменин маалыматында.