Чүйдүн Панфилов районунда милиция кызматкерлери үйгө ууруга кирип, 11 жаштагы кызды бычак менен корутуп, акча уурдап кеткенге шектүүнү кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Панфилов РИИБине каракчылык фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо жерине жөнөтүлгөн. Анда 11-февраль күнү саат 14:00 чамасында Кайыңды шаарындагы жергиликтүү тургундун үйүнө медициналык беп кап кийген белгисиз адам кирген. Ал учурда үйдө жашы жете элек төрт бала жалгыз болгон. Үйгө кирген белгисиз адам 11 жаштагы кызды бычак менен коркутуп, акча жана баалуу буюмдар кайда сакталып тургандыгын көрсөтүүнү талап кылган.
Андан кийин бөлмөлөрдүн бириндеги капчыкты байкап, ал жерден акчаны алып, андан кийин изин жашырган. Окуя болгон учурда үйдүн кожойкеси үй-бүлөлүк маселелер боюнча белгисиз убакытка жок болгон.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү делип 27 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.