ИИМ 2019-жылы Кара-Көл шаарынан токтоп турган жеринен унааны айдай качкан шектүүнү кармады

  1. ИИМ автотранспорт каражатын айдап качууга шектелген жаранды эки жылдан кийин Бишкек шаарынан кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2019-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан белгисиз адамдар үйдүн жанында токтоп турган жергиликтүү тургундун ак түстөгү Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткен. Кийинчерээк бул унаа Грузиядан келгени жана анда транзиттик номердин белгилери бар экендиги аныкталган. Унааны укукка каршы ээлеп алуунун натыйжасында унаанын ээсине 586 миң сомдук зыян келтирилген.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул кылмыш ишин жасоого шектелген Жалал-Абад облусунун 1994-жылы туулган Т.Н. аттуу тургунуна ошол эле жылдын декабрь айында издөө салынган.
Жакында тыкыр иликтөөнүн натыйжасында шектүү 15-февраль күнү Бишкектин Көк-Жар конушундагы Шоокум көчөсүнөн кармалган. Азыркы учурда кармалган жаран Кара-Көл ШИИБине жеткирилди. Учурда унаа табыла элек. Ал эми шектүү укукка каршы аракеттерди жасаганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2021-02-17 07:49:50
Биз эне учун онукбойбуз? Мына ушундай кылмышкерлердин жузун жаап жашырып реклама кылып анан бошотуп жиберип, ошондуктан онукпойбуз. Кылмышкерди атын атап алып, коркуп анан жузун жаап жашырабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан