Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Свердлов РИИБине К.Э. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда .Ж. аттуу жаран арыз ээсине акча алмаштыруучу жайдан акча каражаттарынын пайдалуу жүгүртүлүшү үчүн кызмат көрсөтүүнү убада кылып, 2 миллион 300 миң сом каражатын ээлеп алып, из жашырып качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, 1974-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту шектүүнү үй камагына чыгаруу чарасын тандады", - деп жазылат маалыматта.