Биз социалдык тармакта

Келтирилген чыгым 170 миң сом. Бишкекте тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү жарандар кармалды

Бишкек шаарында тигүүчү машиналарды уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 7-январда Ленин РИИБине К.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 6-январдан 7-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 03:00дөр чамасында Арча-Бешик конушунда жайгашкан тигүү цехинен 8 даана тигүүчү машиналарды уурдап кетишкен. Келтирилген чыгымдын баасы 170 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган С.Т. жана 1999-жылы туулган Ж.Д. аттуу жарандар кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынышкан. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан