Бишкекте катализаторлорду уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-январь күнү Биринчи Май РИИБине Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 10-январда Абай жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа жуучу жайда белгисиз адамдар арыз ээсинин Лексус үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алып, баасы 2 миң 500 доллар турган катализаторун чечип, андан соң унааны кайра ордуна токтотуп качып кетишкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (Уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган С.А. жана 1990-жылы туулган К.М. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Кийин экинчи шектүү К.М. келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен бошотулса, экинчи шектүү С.А.га карата үй камагына чыгаруу чарасы тандалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган шектүүлөр унаа жуучу жайга келген кардарлардын унааларынан 5 катализаторду уурдаганы аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.