Бишкекте каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-февраль күнү Октябрь РИИБине Х.С. аттуу Пакистандын жараны арыз менен кайрылган. Анда 14-февралда болжол менен түнкү саат 01:00 чамасында жогорку окуу жайларынын биринин жанынан арыз ээсине пакистандык жаштардын тобу күч колдонуп, миң доллар акчасын тартып алып качып кетишкен.
Мындан тышкары, ошол эле күнү дагы бир Пакистандын З.А. аттуу жараны арыз менен кайрылган. Анда 14-февралда арыз ээсине Пакистандын жарандарынан турган топ күч колдонуп, 3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алып, из жашырып кетишкен.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган Ш.А., 2000-жылы туулган И.А., 1996-жылы туулган Р.Х. жана И.Р., 1987-жылы туулган А.Н. кармалган, алардын бардыгы Пакистандын жарандары. Учурда шектүүлөр тергөө абагында, тийиштүү тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.