"Дордой" клубу жолдоштук беттеште украиналык клубга жеңилип калды

Бишкектик "Дордой" футболдук клубу жолдоштук беттеште Украинанын "Николаев" футболдук клубуна 2:0 эсебинде жеңилип калды.

Оюн бүгүн, 16-февралда Түркиянын Анталия шаарында болуп өттү. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында учурда "Дордой" клубу Анталия шаарында жаңы сезонго даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарын өтүп жүрүшөт.

Окуу-машыгуу жыйынынын алкагында "Дордой" клубу мындан тышкары дагы 5 жолдоштук беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан