Бишкектин Ленин РИИБинин тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Финпол менен ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн.
"Анда финполго А.К. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Анда маселени оң жакка чечүү үчүн тергөөчү тарабынан акча талап кылуу фактысы болгонун айткан. Анда шектүү кызматкер акча алып жаткан жеринен кармалган. Учурда шектүүнүн баш коргоо чарасы кармалып, ал эки айга СИЗО-1ге камакка киргизилди",- деп жазылат маалыматта.