"Укмуштуудай хан сарай, 19 унаа". УКМК кримавторитет Женгонун мүлктөрүн жарыялады (сүрөт)

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында, "Дженго" каймана аты менен белгилүү кармалган криминалдык авторитет К. Досоновго карата, кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмыштарынын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

"Буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган (ар кандай класстагы 19 авто унаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкелери) көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы аныкталды",- деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, курулуш компанияларда К.Досоновдун бир катар ири өлчөмдөгү каржылоолору бар экендиги белгилүү болгон.

Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

"Женгонун" көп сандаган мүлкөрү аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
amirrus
2021-02-17 11:32:16
Укмк катуу иштепсинер молодец,Ташиевдин омурун берсин...Мыйзамдуу олкодо,ууру кескилерден коркбой жашашыбыз керек... Черныйлар коп аламдарды иштетбей давление кылып турат да
+17
Mustafo
2021-02-17 11:38:04
Силерге чала болот , өзү муну пожизненныйдан бошоткон ким ошону кошо камаш керек.
+9
Mister-XXX
2021-02-17 16:36:31
Mustafo,Силерге чала болотдеп кимди айттын?
Сага да,мага да,элге да чала болуп атат.
+1
aiba.20201234567
2021-02-17 11:44:33
Мляяяяя
+4
rysik79
2021-02-17 12:09:22
Бул чекеси эле го дейм.
+6
zam81
2021-02-17 12:59:36
Укм кармайт сот чыгарат
+6
al-abu-kinesz
2021-02-17 15:00:29
Кайсы президенттин тушунда кайсы УКМК башчысы кримдерди ушинтип ачыктады эле? Спектакль, анан тияк бияк, бойрок шыйрак дегендер тишинаны тиштеп алыпсынар го каяктасынар?
+7
Alinur96kg
2021-02-17 19:45:00
al-abu-kinesz,биринчи кармап келгенде эмне иш кцлып журушту эле?
0
Jelezo
2021-02-17 15:00:31
Бул чекеси дагы казса чет өлкөдөн дагы чыгат.
+3
Jaka78
2021-02-17 15:09:01
Арам оокат менен байыптыр да
+4
altinbe
2021-02-17 15:20:32
бул спектакль
-1
Alinur96kg
2021-02-17 19:45:56
altinbe,тортунчу сериясы.
+1
Nina.alex
2021-02-17 16:08:49
Бул корунушко президенттер,чондо,депуттаттар, соттор,окмот башчылар куноолуу. Билим алып ,кызматта иштегендер биртке айлыкка жашашат,ал эми бардиттер чириген байлардын катарын толуктап,ханга салам бербей журушот. Жаш муунга "ото жакшы" мисал болуп,кумир тутушуп калды ушундай адамдарды. "Ии окубай эле,киши олтуруп,уурдап,черный боосок жакшы жашайт экен "деген тушунук мээлерине синип калган
+1
Aky12
2021-02-17 16:15:39
Ушул адамдардын ата энеси, аялы, балдары кандай адамдар болду экен?? Акчаны кайдан алды деп кызыга бекен?? Арам акча экенин билип туруп, кантип ичип жеп, уктап жатышат тан каламын
+6
nazira...
2021-02-17 23:53:59
Aky12,мен ойлогонду жазыпсын да, эми ошолор эмне деп атышат экен дейм да.
+1
Apakbala
2021-02-18 18:24:45
Aky12,сен тан калып буткондо жашоо тугойт
+1
Taalaibek.
2021-02-17 16:44:58
Акыретте булардын уйу кандай болот болу экен?
+3
Apakbala
2021-02-17 22:30:32
Молодец Женго! Жашоо ушундай болуш керек! Омур бир келет!
-1
bond
2021-02-18 00:00:30
Жеп ичкенин кымбатыраак болбосо экөөбүздө бараар жерибиз бирдейле.
+1
Haanykeim
2021-02-18 09:51:01
Арам оокат аш болбойт,бир күн эмес бир күн ушундай болоорун билген.Өзү келип колго түшүп берди да..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан