УКМКнын кызматкери болом деп алдап, жарандардын акчасын алып жүргөн жаран кармалды

УКМКнын кызматкери катары өзүн тааныштырып, жарандарды алдап акчасын алып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган тургуну К.у.А.

"К.у.А. аттуу жаран өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болгон. Ал жабырлануучуларды алдамчылык жол менен ар кандай ири компанияларга жумушка орноштуруп берем деп ири суммадагы акча каражаттарды алып жүргөн. Шектүүнүн унаасына тинтүү жүргүзгөндө Жогорку Кеңештин кызматтык күбөлүктөрү жана Жогорку Кеңештин имаратына кирүүчү документ, Орусиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, жеке колу коюлган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, Жоргоку Кеңештин мөөрү жана уюлдук телефонунан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылган.

Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилмекчи. Азыркы учурда шектүү жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берди. Тергөө иш-чаралары улантылууда",- деп жазылат маалыматта.

УКМК К.у.А. аттуу шектүүдөн жабыркаган бардык жарандарды 03922 5 11 80, 0312 66 04 75 номерлерине чалууну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2021-02-17 16:12:58
Ме сага
+2
Taalaibek.
2021-02-17 16:41:39
Менин ойумча коррупция деп ушуну айтса болот. Айтайын дегеним кылмышкерлердин жузун жаап койгонду айтам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан