Ишкерден 170 тонна көмүр алып акчасын бербей жүрүшкөн. ИИМ шектүүлөрдү кармап Нарын ОИИБге өткөрүп берди

Ишкерден 170 тонна көмүр алып акчасын бербей жүргөн кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын январь айында Ички иштер министрлигине Бишкек шаарынын тургуну, ишкер арыз менен кайрылып, олуттуу материалдык чыгымга алып келген мыйзамсыз иш-аракеттер фактысы боюнча чара көрүүнү суранган. Себеби 2018-жылдын ноябрь айында бейтааныш жарандар Жумгал районуна караштуу Кара-Кече аймагында жайгашкан көмүр кенинен 170 тонна көмүр алышып, акчасын ушул күнгө чейин бербей жүрөт деп кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш боюнча шектүү катары Ак-Талаа районунун 1978-жылы туулган тургуну М.С. жана мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган Бишкек шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Ч.Р. кармалган.

Шектүүлөр учурда тергөө иши үчүн Нарын ОИИБине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-02-17 16:22:24
Уюшкан кылмыштын тобу жок качан жашайт экенбиз, түп тамырын үзө албай эле койду го бийлик, бечара ишкерлерге күн жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан