Нарындын Кочкор районунда жол кырсыгына кабылгандар Бишкектен Кочкорго келин алып бара жатышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен.
"7 адамдын үчөө ооруканага жаткырылган. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат",- деди басма сөз кызматы.
Буга чейин 14-февраль күнү саат 07:03 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Honda-Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Унаадагы жалпы 7 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышып, Кочкор райондук ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилгени маалымдалган.