Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-февралда Ауэзов көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 1985-жылы туулган К.И. аттуу эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшкөн.

"Издөө иштерине 6 куткаруучу тартылды. Ыкчам аракеттердин натыйжасында бүгүн, 17-февралда саат 10:30да маркумдун жансыз денеси суудан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан