Ала-Бел ашуусунда жүк ташыган унаа оодарылып кетип, 2 адам жабыркады

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жүк ташыган унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 236-чакырымында, тактап айтканда Ала-Бел ашуусунда болгон. Анда Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши жабыркаган.

Куткаруучулар жеткенге чейин "Тез жардам" кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен.

Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымындагы 3 куткаруучу КамАЗ унаасы менен барып, унааны жылдырып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан