Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен 15 жаштагы өспүрүм кармалган. SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн Өзгөн районуна караштуу Дөң-Булак айыл аймагынын айыл башчысы менен байланышып көрдү. Ал атын атагысы келбей окуя боюнча буларга токтолду.
"Бул балдардын ата-энелери кошуна жашайт. Эки үй-бүлө тең жакында эле Өзгөн шаарынан көчүп келишкен. Ал эми шектүү бала үй-бүлөдө экинчи бала болсо, каза болгон бала үчүнчү экен. Балдардын ата-энелери устачылык менен алектенген, карапайым эле адамдар. Алардын мамилеси дагы жакшы болгон",- деди айыл башчы.
17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барып, эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучуну урганда ал эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин таш менен башка чаап, өсүп турган камыштын арасына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.