Ош облусунун Өзгөн районунда 3 жашар наристени мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектелип жаткан өспүрүм 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан SUPER.KG порталына билдирди.
"Шектүү бала бир айга камакка алынды. Негизи мыйзам боюнча ал тергөө аяктаганга чейин үй камагында болмок. Бирок каза болгон баланын ата-энеси менен кошуна жашашкандыктан шектүү баланын өмүрүнө коркунуч болбош үчүн камакта калтырдык. Шектүү өтө оор кылмыш жасагандыктан ал мыйзам чегинде жазага тартылат", - деди басма сөз кызматкери.
17-январь күнү саат 09:00 чамасында Өзгөн районунун Кара-Дарыя айылынын тургуну, 15 жаштагы М.А. айылдашы 3 жаштагы баланы өзү жашаган айылдын түштүк тарабындагы талаага анын өмүрүн кыюу максатында ээрчитип барып, эч ким көрбөгөн жерге алып кирип, муштуму менен жабырлануучуну урганда ал эс-учун жоготуп жатып калган. Андан кийин таш менен башка чаап, өсүп турган камыштын арасына таштап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.