Кыргыз модели Бегимай Карыбекованын көл жээгиндеги видеосу белгилүү аткаруучу Жах Халибдин (Jah Khalib) "Искал-Нашёл" аталышындагы клибинде колдонолду. Клипти модель 4 күн мурда социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн.
"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу, италиялык "Еmpоriо Аrmаni" компаниясынын модели. Мындан тышкары ал бир катар дүйнөлүк бренддер менен иштешип келет.