"Бакыттын кыйкырыгы сыртка угулбайт экен, эзилип турам". Ырчы Кудайберди Айтбосунов ата болду

Ырчы Кудайберди Айтбосунов уулдуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу менин жакындарым, достор. Бакыттын кыйкырыгы сыртка угулбайт экен, эзилип турам. Сүйүнчү! Кудайым буюруп уулду болдум. Алгач ата-энелерибизди неберелүү болушу менен куттуктайм! Өмүрлүк жарым, менин Айчүрөгүм сага рахмат, алмаштыргыс бакытымсың! Сүйөм сени ", - деп жазды Айтбосунов.

Кудайберди Айтбосунов 2019-жылы сүйүктүүсү Айчүрөк айымга баш кошкон. Бешик боосу бек болсун дейбиз.

Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhazgul98
2021-02-19 10:19:48
Жубайын абдан жылдыздуу экен. Бактылуу болгула. Бактылуу жашоонун улуу илими - азыркы учур менен жашоо.
+1
Bakbai
2021-02-19 11:16:24
Бешик боо бек болсун .ыймандуу акылдуу.омуру узун жигит болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан