Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков Бишкектеги спорт ордосунун короосуна бак отургузду. Ырчынын айтымында, бул эч кандай долбоор эмес.
"Досторум, инилерим менен спорт ордосуна балаты отургузуп келдик. Буга чейин аталган жайда концерт берип жатканда бак отургузууну ниет кылгам.
Бул жайдын короосуна мөмөлүү дарак тиккенге болбойт экен. Буюрса, башка жактарга да балаты отургузууну пландап жатабыз", - дейт ал.