22-февралдан 26-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, тагыраагы, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Ошондой эле Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана башка бир катар ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
"22-февралдан 23-февралга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп айтылат билдирүүдө.