Ысык-Көлдө алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финансы полициясынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын аймагынан белгилүү маркадагы жасалма алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз жеткирүү жана сатуу фактысы аныкталды.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аймактагы дүкөндөрдүн биринде жасалма акциздик маркалары бар 400 бөтөлкөдөй "Серебром" алкоголдук ичимдигин сатып жаткан учурда А.С. аттуу жаран кармалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө амалдары уланууда", - деп билдиришти Финполдон.