SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул ирет карантин учурунда жаралган "Атанын кадырын билеличи" клиби тууралуу сөз кылабыз.
Ырдын аткаруучусу ырчы Кубаныч Баркалбасов.
"Ырдын обону мага, сөзү досума таандык. Клип тартуу учурунда кызыктуу окуялардан да кайгылуу учурлар көп болду. Анткени клип карылар үйүндө тартылып сабак алдык. Клип интернетке чыккандан кийин көрөрманым кайрылды. Айтымында, көп жылдан бери ата-бала таарынышып жүргөн экен. Ушул ырды уккандан кийин баласы атасынан кечирим сурап, жарашканын айтты. Ыр тарбия берип жатканы мындан ары дагы иштөөгө шык берди", - дейт ал.
Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" клибин көрүү үчүн шилтеме.